Ош: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолукту

Ош шаары, базар, архивдик сүрөт.

Ош шаарында 27-майда "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер чогулду жана алар менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту.

Чогулгандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен сатып алышканын, колдорунда кызыл китептери турганын айтышты. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешти. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болушту. Бул базар машиналардын тыгынына себепкер эместигин билдиришти.

Мэр Токторбаев соодагерлердин 20дай өкүлүн ушул жума күнү кабыл аларын, ага чейин мэрия айтылган дооматтар тууралуу ойлонорун билдирип, маселелерди ошол жерден талкуулап сүйлөшүп алууну сунуштады. Чогулгандар бул сунушка ынап, тарап кетишти.

Буга чейин мэрия шаардагы негизги базарлар 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.

Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган.

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы: Ташиев Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди Муфтий дин ишмерлерин каржылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүүгө чакырдыИИМ жолдогу чырга аралашкан жаран күч кызматкери эмес экенин билдирди Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасап, 59,8 млн доллар сатты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы долбоорлорго 95 млн доллар бөлөт WSJ: Трамп Москвага санкция салышы же Украина тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүнСамидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды ЖК: соттуулугу жоюлгандарга жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салган мыйзам долбоор каралды