Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз балык уулагандарга каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирди. Ушул күндөрү тынымсыз рейддер өткөрүлүп жатканын маалымдады.
"Май айындагы рейддерде жалпы аянты 13 800 чарчы метрди түзгөн 138 даана браконьерлик синтетикалык тор табылып, жок кылынды. Ысык-Көл милициясы коомчулукту браконьерликке каршы бирге күрөшүүгө чакырат. Эгер мыйзам бузууга күбө болсоңуз дароо 102 кызматына же жакынкы ички иштер органдарына кабарлаңыз", - деп жазылган маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2023-жылдын март айынан баштап Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтууну, браконьерлердин торунан тазалоо жараянын баштаган жана ошондон бери миңдеген метр тор, бир канча тонна таштанды чыгарылган.
Анын алдында президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарга, браконьерлерге кайрылып мыйзамсыз балык уулоону токтотууну талап кылган, элди жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырган.
Шерине