Орусия менен Украина "1000ге 1000" деген формуланын негизинде алмаштырылчу туткундардын тизмесин такташты.
Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Москвадан бошотулушу керек деген туткундардын тизмеси алынганын билдирди.
Ал телеграм-каналына "Орусияда туткунда кармалып турган миң жараныбызды бошотуу тууралуу макулдашуу Түркиядагы жолугушуунун жападан жалгыз реалдуу жыйынтыгы болуп калды. Натыйжа болушу үчүн иштеп жатабыз",деп жазды.
Кийинчерек Крмелдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы Украина жөнөткөн туткундар тизмесин алышканын бышыктады.
Бул жараян Орусия Украинага бастырып кол салып киргенден берки тараптардын эң ири туткун алмашуусу болуп калды, бирок ал качан ишке ашары азырынча белгисиз.
Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, ири туткун алмшуу тууралуу орток пикир гана табылган.
Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Bloomberg басылмасы Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылганын жазган. Өз булактарына шилтеме кылып аталган басылма аннексияланган Крым жарым аралы жана Орусия жарым-жартылай оккупациялап алган Украинанын төрт облусу эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылышы керектигин талап кылып жатканын билдирген.
Кремл буга байланыштуу комментарий берген эмес.