Самидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

Самидин Атабаев.

Самидин Атабаев 26-майда Ош шаардык казыяттын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

52 жаштагы Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун казысы болуп иштеп келген. Ал жогорку диний билимди 1991-1995-жылдары Бишкектеги Ислам институтунда, андан кийин, 2002-2006-жылдары Орусиянын Казан шаарында алган.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы медреседе баштаган. Буга чейин Өзгөндүн башкы имамы, Ош облусунун казысы болуп да иштеген.

Ош шаарынын буга чейинки казысы Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда ырасталган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) көптөн бери бул казыятта мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирген.

Токтомушев бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан. Ош шаардык соту ага айып катары коюлуп жаткан кылмыштын түрү оор деп эсептелерин билдирип, бирок туруктуу жашаган дареги, жашы жете элек эки баласы бар экени, мурда соттолбогону, саламаттыгы начар экени, жакында эле дарыланып чыкканы эске алынганын маалымдаган.

Ал өзү соңку окуялар тууралуу комментарий бере элек. Муфтият дагы Ош шаарынын буга чейинки казысынын кармалганы тууралуу үн каткан эмес.

Дагы караңыз

ЖК: соттуулугу жоюлгандарга жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салган мыйзам долбоор каралдыКиев үчүнчү түн катары менен Орусиянын жапырт чабуулуна кабылдыЫсык-Көл: милиция браконьерлерге каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирдиОрусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулунан улам Трамп Путинди сындадыЧүй милициясы окуучулардын жапырт мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди Израил Хан-Юнисте тогуз баланын өмүрүн алган чабуулду иликтеп жатканын билдирди Трамп ЕБден келген товарларга 50% тариф киргизүү планын июлга жылдырды