Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Киев үчүнчү түн катары менен Орусиянын жапырт чабуулуна кабылды


Киев шаары үчүнчү түн катары менен дрондордун, канаттуу ракеталардын жапырт чабуулуна кабылды. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко 26-майга оогон түнкү соккуда Днепр районунда бир үйдүн айнектери талкаланганын билдирди. Дрондордун сыныгы гаражга, эс алуучу жайга түшкөнүн жана жабыркагандар жоктугун маалымдады. Түндө алты саат бою тынбай айгай системасы иштеп турду.

Одесса облусунда чабуулда өрт тутанды, жер тамдар, машина токтогон жайлар, машиналар, газ түтүгү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы кабарлады.

Жекшембидеги жапырт чабуулда Киев облусунда төрт, жалпы өлкөдө 12 кишинин өмүрү кыйылган, дагы бир канчасы жараат алган.

Орусиянын Украинага жасаган бул соңку чабуулунан улам АКШнын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди сындады. Ал өзүнүн Truth Social соцтармагындагы баракчасына Путинге "ичи чыкпай" жатканын белгилеп, аны "акылынан айнып калган" деп айыптады. Ошол эле маалда украин президенти Владимир Зеленскийди дагы сындады.

Өткөн аптада Трамп кызматка киришкенден бери Путин менен телефондон үчүнчү жолу сүйлөшкөн. АКШнын президенти соңку баарлашууну "эң мыкты" деп баалаган. Truth Social соцтармагындагы баракчасына Москва менен Киев ок атышууну токтотуу, элдешүү тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөт деп жазган.

Өз кезегинде Путин бул сүйлөшүү тууралуу комментарий берип жатып Киев менен "Украинага байланыштуу болочоктогу тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG