ИИМ жолдогу чырга аралашкан жаран күч кызматкери эмес экенин билдирди

ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги жолдордун бириндеги айдоочулардын ортосундагы чырга аралашкан жарандын тек-жайы аныкталганын, ал күч түзүмдөрүнүн кызматкери эмес экенин билдирди.

Жарандарды "коомчулукту адаштырган, укук коргоо органдарына ишенимди кетирүүгө алып келген жалган маалыматтарды" таратуудан алыс болууга чакырды.

Мунун алдында социалдык тармактарда жолдо чырдашкан адамдарын видеосу тараган жана араздашкандардын бири өзүн "коопсуздук кызматкери" деп айтып жатканын көрүүгө болот.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан видеодо ал жаран күч түзүмдөрүнүн кызматкери эмес экенин мойнуна алган жана ишкерлик менен алектенерин, аны менен чырдашкан жаран видеону өзү каалагандай монтаждап чыгарып койгонун айткан.


Өткөн айда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге баш ийбей, өзүн "офицер" катары тааныштырып орой сөздөрдү айтып жаткан жарандын видеосу тараган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн, бажы кызматкери болгонун билдирген. УКМК анын кечирим сураган видеосун да жарыялаган.

Көп өтпөй Бажы кызматы ал адам жумуштан алынганын кабарлаган.

Дагы караңыз

Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасап, 59,8 млн доллар сатты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы долбоорлорго 95 млн доллар бөлөт WSJ: Трамп Москвага санкция салышы же Украина тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүнСамидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды ЖК: соттуулугу жоюлгандарга жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салган мыйзам долбоор каралдыЫсык-Көл: милиция браконьерлерге каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирди