Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырды. Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 саат мурун ал өлкөгө эмнеге баратканы тууралуу атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек. Мигранттарга карата катаал мамиле орус аскерлери Украинага согуш ачкан соң башталып, “Крокустагы” окуядан кийин күчөгөн.
Борбор Азия
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент Жапаров баштаган жетекчилер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, “Азаттыкка” маек курду.