Орус-Кыргыз өнүктүү фонду быйылкы жылдагы алты долбоорго 95 миллон доллар бөлөт, 2025-жылга жалпысынан 150 миллион доллар каражат каралган. Бул тууралуу аталган фонддун соңку жыйынында айтылды.
"Жалпы баасы 95 миллион доллардан ашкан алты долбоор жактырылды. Алардын арасында "Кыргыз темир жолу" ишканасы үчүн өндүрүш кооперациясын, өндүрүш платформаларын түзүү, кант тармагын өнүктүрүү, соода-сатыкты каржылоонун жаңы элементтерин киргизүү, Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсүн бекемдөө өңдүү долбоорлор бар",-деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы фонддун колдоосу менен 102 өндүрүш ишканасы ачылган, быйыл болсо мындай ишканалардын санын 128ге жеткирүү караштырылып жатат.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген.
Фонд алгач 500 миллион доллар уставдык капитал менен иш баштаган. Кийин дагы ушунча сумма кошулуп, кыргыз ишкерлерине жалпы 1 млрд долларлык насыя берилери маалымдалган.