Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасап, 59,8 млн доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 26-майда валюта базарына 59,8 миллион доллар сатты жана бул жыл башынан берки үчүнчү интервенция болуп калды.

Аталган банк мындан бир ай мурда, 29-апрелде 158,3 миллион доллар, жыл башында болсо 79 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Дагы караңыз

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы долбоорлорго 95 млн доллар бөлөт WSJ: Трамп Москвага санкция салышы же Украина тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүнСамидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды ЖК: соттуулугу жоюлгандарга жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салган мыйзам долбоор каралдыКиев үчүнчү түн катары менен Орусиянын жапырт чабуулуна кабылдыЫсык-Көл: милиция браконьерлерге каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирдиОрусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулунан улам Трамп Путинди сындады